28.07.2023

2, 2023 8 14 11:02:00

Жаңы-Жол  айылдык кеңешинин  XIII  чакырылышынын   кезектеги                                                                  XXXII  сессиясынын

                                        №  42  Т О К Т О М У

28.07.2023-жыл                                                                   Жаңы-Жол айылы

 

Кара-Суу айылындагы Т.Казатов атындагы орто мектептин

эски   имараты жөнүндө

        Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу  Кара-Суу айылындагы Т.Казатов  атындагы орто мектептин  эски  имараты боюнча айылдын элинин жана Т.Казатов атындагы орто мектептин жалпы мугалимдер жамаатынын билдирүүсүнүн негизинде, Жаңы-Жол айылдык кеңешин депутаттык  этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана курулуштардын сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кеңештин VIII чакырылышынын  кезектеги  XXXII сессиясы токтом кылат:              

  1. Жаңы-Жол айылдык кеңешини депутаттык  этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана курулуштардын сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү боюнча  туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
  2. Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу  Кара-Суу айылындагы Т.Казатов  атындагы орто мектептин эски имараты боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте иш жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин .
  3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы                  Жаны-Жол  айылдык кенешинин “Депутаттык  этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана курулуштардын сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү” боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
  4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  5. Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап   күчүнө кирет.

               Төрага                                                                         Т.Өзүбеков