28.07.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясынын
№ 40 Т О К Т О М У
28.07. 2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Арал айылынын тургуну А.Бекеевдин 0,60 га жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагынын Арал айылынын тургуну А.Бекеевдин Арал айылынын түндүк батыш тарабындагы, Бишкек-Ош автожолунун жээгинен өздөштүрүлгөн 0,60 га жерине эс алуу жайын куруу үчүн жер аянтынын багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызынын негизинде, Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы токтом кылат :
- Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
- А.Бекеевдин Арал айылынын түндүк батыш тарабындагы, Бишкек-Ош автожолунун жээгинен өздөштүрүлгөн 0,60 га жерине эс алуу жайын куруу үчүн жер аянтынын багытын өзгөртүп берүүдө мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин .
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын милдеттендирилсин.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков