28.07.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясынын
№ 39 Т О К Т О М У
28.07. 2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Арал айылынын тургуну Т.Б.Бактачиевдин 0,15га жер участогуна мечит куруу үчүн макулдук берүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагынын Арал айылынын тургуну Т.Б.Бактачиевдин өзүнө тиешелүү 0,15га жер участогуна мечит алыс болгондуктан, жаңы конушка мечит салууга макулдук берүү жөнүндөгү арызынын негизинде, Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы токтом кылат :
1. Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
2.Т.Бактачиевдин Жаны-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылындагы өзүнө тиешелүү 0,15га жер аянтына жаңы конушка жаңы мечит курууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков