28.07.2023
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXХII сессиясынын
№ 38 Т О К Т О М У
28.07.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине
өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү боюнча Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин, ФЭБнүн башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсүнүн негизинде Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу бала бакчалардын азык-түлүгүнө- 400 000 сом, Жашыл Мурас өнөктүк программасынын алкагында аллеяны тосуу үчүн -350 000 сом, Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу айылдарга курулуш долбооруна ген план чийдирүүгө-570 000 сом, архитектуранын документациялары үчүн- 220 000сом, сан-эпид көзөмөлүнө-17000 сом,социалдык камсыздандырууга-100 000 сом, инвентаризация жер аянтын тактоо үчүн-60 000 сом, “Кадастр” мамлекеттикишканасына, муниципалдык базар ачуу үчүн (с/х потеря) -528 000 сом, Токтогул райондук фонддон каржылануучу Н.Бримкулов атындагы мектеп-гимназиясынын подвалынын ремонтунун өздүк салымына- 290 000 сом жана Кара-Суу айылынын электр мамычаларына- 20000сом, ар кандай чыгымдар документациялар үчүн -45 000 сом.
Жалал-Абад облусунунТоктогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы” мамлекеттик мекемесинен атайын эсепке түшүүчү И.Умаров атындагы орто мектептин өздүк салымы үчүн-1 171 000 сом, акча каражаттарын сессияда карап бекитүү үчүн Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезектеги ХXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын, чечими эске алынсын.
Раздел бала бакча 70911 статья 2218 400 000 сом ;
Раздел аппарат 70111 статья 2215 350 000 сом ;
570 000 сом ;
220 000 сом ;
17 000 сом ;
60 000 сом ;
528 000 сом ;
Раздел соц.камсыздандыруу 71092 статья 2721 100 000 сом ;
Раздел орто мектеп 70921 статья 3111 290 000 сом .
Атайын каражаттан 4408041253000637
Раздел аппарат статья 3111 1 171 000 сом.
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
3.Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков