28/07/2023
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясынын
№ 37 ТОКТОМУ
28.07.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
“Жалал-Абад облусунунТоктогул районунун жанаКара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы” мамлекеттик мекемесинен каржылануучу акча каражаттарынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Жалал-Абад облусунунТоктогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы» мамлекеттик мекемесинен каржылануучу акча каражаттарынын багытын өзгөртүү жөнүндө, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсүнүн негизинде, Арал айылындагы кичи футбол аянтчасына 4 800 000 сом акча каражатын,Жаңы-Жол айылындагы И.Умаров атындагы орто мектептин өздүк салымы үчүн 1 172 000 сом акча каражатын Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы токтом кылат:
- Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.
- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы» мамлекеттик мекемесинен Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө бөлүнгөн, акча каражаттарынан И.Умаров атындагы орто мектептин стим гранттан жасалып жаткан ремонтунун өздүк салымы үчүн 1 171 000 сом жана жалпы наркы 4 800 000 сомдук Арал айылына кичи футбол аянтчасын курууга акча каражатынын багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков