08.06.2023

4, 2023 7 05 17:11:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз                                                                 XXXI  сессиясынын

 

                                 №    35  ТОКТОМУ

           08.06.2023-жыл                                                      Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол, Куйбышев жана Кызыл-Туу айылдарындагы калктын ичүүчү таза сууга болгон тарифин бекитүү жөнүндө

Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Жаңы-Жол, Куйбышев жана Кызыл-Туу айылдарындагы калктын ичүүчү таза сууга болгон тарифин бекитүү жөнүндөгү Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин сунушунун негизинде, Жаны-Жол айылдык кеңешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы токтом кылат:

  1. Жаңы-Жол, Куйбышев жана Кызыл-Туу айылдарындагы калктын ичүүчү таза сууга болгон тарифи,  суу түтүгү үйгө киргизилген кожололукка бир айда 100 (жүз) сом, ал эми ичүүчү таза сууну   сырттан пайдаланган кожолуктарга 50 (элүү) сом болуп бекитилсин.
  2. Жаңы-Жол, Куйбышев жана Кызыл-Туу айылдарындагы калктын  ичүүчү таза суусун Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы  суу канал өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканасынынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  3. Таза суу боюнча  иш чараларды уюштурууга   көмөктөшүү    Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге жүктөлсүн.
  4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол  айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
  5. Бул токтом мамлекеттик  тилде гана кабыл алынды.
  6. Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап   күчүнө кирет.

                  Төрага                                                                      Т.Өзүбеков