08.06.2023-ж.

4, 2023 7 05 17:07:00

Жаңы-Жол  айылдык кеңешинин  VIII  чакырылышынын      кезексиз                                                              XXXI  сессиясынын

                                         №  33  Т О К Т О М У

       08.06.2023-жыл                                                             Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол айылына муниципалдык мал базар курууга макулдук берүү жөнүндө

 Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин,     Жаңы-Жол айылынын күн батыш тарабындагы  көлгө кеткен, эски жолдун алдындагы саз болуп турган жайыт жерден 3,0 га жерди муниципалдык мал базар куруу максатында бөлүп берүү сунушунун, айылдык кеңештин “Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде, айылдык кенештин VIII чакырылышынын  кезексиз   XXXI сессиясы токтом кылат:

                  

  1.  Жаңы-Жол айылынын күн батыш тарабындагы  көлгө кеткен, эски жолдун алдындагы саз болуп турган жайыт жерден 3,0 га жерди муниципалдык мал базар куруу максатында бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Мал базарга тиешелүү документацияларды мыйзам чегинде жүргүзүү  жагы өкмөт башчы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.
  3. Муниципалдык мал базар куруу үчүн, жердин категориясын  өзгөртүп берүү жагы райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы жер боюнча комиссиясынан  суралсын.
  4. Бул токтомго көзөмөл жүргүзүү жагы айылдык кеңештин  “Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери”  туруктуу комиссиясына      тапшырылсын.
  5. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  6. Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

          Төрага                                                                              Т.Өзүбеков