27.04.2023

4, 2023 7 05 17:04:00

      Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз                                                             XXIX сессиясынын 

                                             № 32  Т О К Т О М У

         27.04.2023-жыл                                                          Жаңы-Жол айылы

Жаны-Жол айылөкмөтүнүн алдындагы “ДЕКО” муниципалдык ишканасына караштуу полистирол бетон, брусчатка, пескоблок жабдыктарын аукционго коюу жөнүндө

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы “ДЕКО” муниципалдык  ишканасынын директору Н.Муктарбековдун сунушун эске алып,   Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана Жаны-Жол айылдык кенешинин «Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери» жана “Депутаттык  этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана курулуштардын сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү боюнча туруктуу комиссияларынын биргелешкен  чечиминин негизинде айылдык кенештин VIII чакырылышынын  кезексиз     XXVIII сессиясы  токтом кылат :

  1. Жаны-Жол айыл  өкмөтүнүн алдындагы “ДЕКО” муниципалдык ишканасына  караштуу полистирол бетон,брусчатка, пескоблок жабдыктарынын ижара акысы  3 айга 6000 (алты миң) сомдон жалпы 18 000 (он сегиз миң )сом болуп бекитилсин.
  2. Аукцион өткөрүү үчүн комиссия түзүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.
  3. Жаны-Жол айыл  өкмөтүнүн алдындагы “ДЕКО” муниципалдык ишканасына  караштуу полистирол бетон, брусчатка, пескоблок жабдыктарына  аукцион 2023-жылдын 14-июлунда  өткөрүлсүн.
  4. Полистирол бетон,брусчатка, пескоблок жабдыктарынын  аукциондук старттык баасы 6000 (алты миң) сом сомдон башталсын жана арымдары 1000 (миң) сомдон болуп бекитилсин.
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы «Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.
  6. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  7. Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

          Төрага                                                                             Т.Өзүбеков