27.04.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясынын
№ 29 Т О К Т О М У
27.04.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айыл аймагынын Куйбышев айылынын башындагы мүрзөдөн баштап Кыргоо участкасына чейинки аты жок курулмаларга Куйбышев айылынын тургуну Аметжанов Мырзабектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы токтом кылат:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын Куйбышев айылынын башындагы мүрзөдөн баштап Кыргоо участкасына чейинки аты жок курулмаларга Куйбышев айылынын тургуну Аметжанов Мырзабектин ысымы ыйгарылсын.
2. "Аметжанов Мырзабек" атындагы көчөнүн тазалыгына, ирээттүүлүгүнө, архитектуралык талабына жооп берүүсү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана табличкалар менен камсыз кылуу жагы М.Аметжановдун үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков