27.04.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIХ сессиясынын
№ 31 ТОКТОМУ
27 .04.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
“Деко” муниципалдык ишканасына атайын техника сатып алуу жөнүндө
Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондунун долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына таянып, Жаны-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIХ сессиясы токтом кылат:
1. “Деко” муниципалдык ишканасына атайын техника сатып алуу долбоордук сунушу жактырылсын.
2. “Деко” муниципалдык ишканасына атайын техника сатып алуу долбоорлорун даярдоо жана өздүк салымын Токтогул райондук өнүктүрүү фондунун отурумуна сунуштоо жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин “Депутаттык этика, атуулдардын арыз даттануулары, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков