27.04.2023

3, 2023 5 30 09:48:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз   XXVIII  сессиясынын

                                              №  30  ТОКТОМУ

27.04.2023-жыл                                                                 Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө        

Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын            27 жана 34-беренелерине ылайык, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдинжергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз  XXVIII сессиясы токтом кылат:

1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмеси бекитилсин.                      

2.Бекитилген функцияларды, милдеттерди аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууну камсыз кылуу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин “Депутаттык  этика, атуулдардын арыз даттануулары, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4.Бул токтом мамлекеттик  тилде гана кабыл алынды.

5. Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап   күчүнө кирет.

 

 

         Төрага                                                                                         Т.Өзүбеков