27.04.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясынын
№ 26 ТОКТОМУ
27.04.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
“Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы” мамлекеттик мекемесинен келген акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
“Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы” мамлекеттик мекемесинен атайын эсепке түшкөн 260 000 сом акча каражаты боюнча Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсүнүн негизинде, Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Арал айылындагы Кара-Жыгач каналын тазалоо, оңдоо иштерине 160 000 сом жана Куйбышев айылынын этегиндеги мамлекеттик кызматкерлерге кызматтык турак-жай салуу үчүн берилген жер аянтын эски дүмүрлөрдөн тазалоого, жаңы арык каздырууга 100 000 сом “Деко” муниципалдык ишканасынын техникаларын иштетүү үчүн сессияда карап, 2215 статьясына коюу жөнүндө Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы токтом кылат:
1.Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Арал айылындагы Кара-Жыгач каналын тазалоо, оңдоо иштерине 160 000 сом жана Куйбышев айылынын этегиндеги мамлекеттик кызматкерлерге кызматтык турак-жай салуу үчүн берилген жер аянтын эски дүмүрлөрдөн тазалоого, жаңы арык каздырууга 100 000 сом “Деко” муниципалдык ишканасынын техникалары менен иш жүргүзүү үчүн которулуп берилсин.
Раздел аппарат 70111
Атайын эсеп 4408041253000637 2215 статьясына 260 000 сом;
2.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин “Экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу” боюнча комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков