11.04.2023

3, 2023 5 30 09:40:00

Жаңы-Жол  айылдык кеңешинин  XIII  чакырылышынын      кезексиз      XXVIII  сессиясынын

                                                  №  25  Т О К Т О М У

11.04.2023-жыл                                                                   Жаңы-Жол айылы

Бугубаев Элбагар Искендеровичке жер тилкесин бөлүп берүү  жөнүндө

         Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Комсомол айылынын тургуну 9 баланын атасы Э.Бугубаевге жер тилкесин бөлүп  берүү боюнча  Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин жана айылдык кеңешинин “Айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин негизинде айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз   XXVIII сессиясы токтом кылат:

1. Э.Бугубаевге жер тилкесин бөлүп берүү сунушу колдоого алынсын.

2. Э.Бугубаевге бош жер тилкесин мыйзам чегинде тактап жана токтом менен бекитип берүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге, жер боюнча башкы адис А.Молдоказиевге милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол  айылдык кенешинин  “Айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.

4.Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

5.Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап   күчүнө кирет.

                 

 

      Төрага                                                                                              Т.Өзүбеков