11.04.2023

3, 2023 5 30 09:37:00

Жаңы-Жол айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  VIII– чакырылышынын                  кезексиз  XXVIII сессиясынын

                                        №  24 Т О К Т О М У

11.04.2023-жыл                                                                 Жаңы-Жол айылы

Жаны-Жол айыл аймагына тиешелүү фронталдык жүктөгүч техникасын ижарага   берүү жөнүндө

              Жаны-Жол айыл  аймагына тиешелүү фронталдык жүктөгүч техникасынын ижарасынын мөөнөтүн узартуу боюнча Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин, “Деко” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Муктарбек уулунун  билдирүүсүн, Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» жана “Депутаттык  этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана курулуштардын сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү” боюнча туруктуу комиссияларынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз  XXVIII сессиясы                 токтом кылат:

1. Жаны-Жол айыл аймагына тиешелүү фронталдык жүктөгүч техникасын “Түркмөн-Туз” жоопкерчилиги чектелген коомуна ижарага берүү мөөнөтүн убактылуу 3 жылга узартууга макулдук берилсин.

2.Жаны-Жол айыл  аймагына тиешелүү фронталдык жүктөгүчтү ижарага берүүдө  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иш жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин “Экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу”, жана “Депутаттык  этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана курулуштардын сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү” боюнча туруктуу комиссияларына  тапшырылсын.

4.Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

5. Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап   күчүнө кирет.

 

Төрага                                                                                            Т.Өзүбеков