11.04.2023

3, 2023 5 30 09:32:00

Жаңы-Жол  айылдык кеңешинин  XIII  чакырылышынын      кезексиз      XXVIII  сессиясынын

                                                  №  21  Т О К Т О М У

11.04.2023-жыл                                                                   Жаңы-Жол айылы

Комсомол айылынын ардагер тургуну Кушубеков Зулумга 

“Ардактуу   атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына  айрым мамлекеттик  ыйгарым укуктарды берүүнүн  тартиби жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарын  жетекчиликке алуу  менен, айылдык кенештин VIII чакырылышынын  кезексиз   XXVIII сессиясы токтом кылат:     1. Кушубеков Зулумга Жаңы-Жол айыл аймагынын                               социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Жаңы-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”  наамы ыйгарылсын.

2. Ардактуу атуул наамын салтанаттуу чогулушта тапшырууну уюштуруу  жагы  Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Тойгонбаевге жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол  айылдык кенешинин  “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.

4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

5. Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап   күчүнө кирет.

                 

 

      Төрага                                                                                              Т.Өзүбеков