11.04.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын
№ 20 ТОКТОМУ
11.04.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айылына караштуу Кайрак участкасына “айыл” статусун алуу жөнүндө
Жаңы-Жол айылына караштуу Кайрак участкасына “айыл” статусун алуу жөнүндө Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдинбилдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексизXXVIII сессиясы токтом кылат:
1.Кайрак участкасына “айыл” статусун алуу боюнча сунуш колдоого алынсын.
2.Кайрак участкасына “айыл” статусун алуу боюнча тиешелүү документтерин даярдап Токтогул райондук мамлекеттик администрациясына жана Токтогул райондук статистика башкармалыгына тапшыруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин “Депутаттык этика, атуулдардын арыз даттануулары, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков