11.04.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын
№ 18 ТОКТОМУ
11.04.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айыл аймагынын жол коопсуздугун камсыздоо жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагынын жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Ош-Бишкек авто жолунун жээгине аялдамаларды, жөө жүргүнчү өтүүчү белгилерди жана светофор орнотуу боюнча Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдинбилдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы токтом кылат:
1.Жаңы-Жол айыл аймагынын Ош-Бишкек авто жолунун жээгине аялдамаларды, жөө жүргүнчү өтүүчү белгилерди жана светофор орнотуу жагы Токтогул райондук №23 Жол тейлөө ишканасына сунушталсын. 2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин “Депутаттык этика, атуулдардын арыз даттануулары, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков