11.04.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын
№ 17 ТОКТОМУ
11.04.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Токтогул шаардык мэриясы менен катуу тиричилик калдыктарын төгүүчү полигондун ижара акысын тактоо жөнүндө
Токтогул шаардык мэриясы менен катуу тиричилик калдыктарын төгүүчү полигондун ижара акысын тактоо жөнүндө Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин жана Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы “Деко” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Муктарбек уулу Нурбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексизXXVIII сессиясы токтом кылат:
1. Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы “Деко” муниципалдык ишканасы катуу тиричилик калдыктарын төгүүчү полигондун ижарасы боюнча келишим түзгөнгө чейин, 2023-жылдын 19-апрелинен тартып Токтогул шаарынын таштандыларын полигонго төгүүгө тыюу салынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин “Депутаттык этика, атуулдардын арыз даттануулары, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков