15.03.2023

5, 2023 3 30 06:51:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз                                                                 XXVII сессиясынын 

                                        № 15  Т О К Т О М У

         15.03.2023-жыл                                                          Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жол айылына  айыл башчынын штаттык бирдигин бекитүүгө макулдук берүү  жөнүндө

             Жаңы-Жол айыл өкмөтүндө жайгашкан  Беш-Сарай, Сазык, Кайрак участкасы   айыл өкмөтүнөн  5-7-13 км алыстыкта жайгашкандыктан, бир айыл башчы алууга муктаж болгондуктан  штат бирдиги  зарыл экендиги  тууралуу    Э. Тойгонбаевдин сунушун,  Кайрак участкасынын жергиликтүү калкынын суроо талабын,    эске алуу менен  Жаны-Жол айылдык кенешинин  “Экономика, план, бюджет маселелери, чакан жана орто бизнести  өнүктүрүү, инвестиция тартуу, энергетика жана байланыш тармактары”,  “Депутаттык  этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана курулуштардын сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү боюнча туруктуу  комиссияларынын  чечимин угуп жана талкуулап айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы токтом кылат :

1.Жаңы-Жол айылына жана Кайрак участкасына айыл башчынын 1 штаттык бирдигин бекитүүгө макулдук берилсин.

2. Штаттык бирдиктин айлык маянасын мыйзамга ылайык эсептеп чыгаруу жагы  ФЭБ башчысы Ч.Култаевага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол  айылдык кеңешинин “Экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу” боюнча комиссиясына тапшырылсын.

4. Бул токтом мамлекеттик  тилде гана кабыл алынды.

5.  Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

           Төрага                                                                Т. Өзүбеков