15.03.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын
№ 14 Т О К Т О М У
15.03.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Арал айылына “Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы» мамлекеттик мекемесинен келген акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Арал айылынын Кара-Жыгач каналын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө-370 000 сом акча каражатын Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы “Деко” муниципалдык ишканасына которуп берүү үчүн Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Тойгонбаевдин сунушун, Жаны-Жол айылдык кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы токтом кылат :
1.Жаңы-Жол айылдык кеңешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 7-мартындагы № 2 чечими эске алынсын.
Раздел аппарат 70 111
Атайын эсеп 4408041253000637
статья 2215 370 000 сом
2.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
3.Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т. Өзүбеков