15.03.2023
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын
№ 13 Т О К Т О М У
15.03.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Доскеев Акылбекке “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы токтом кылат :
1.Жаңы-Жол айылдык кенешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 10-мартындагы № 2 чечими эске алынсын.
2. Доскеев Акылбекке Жаңы-Жол айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Жаңы-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
3.Ардактуу атуул наамын салтанаттуу чогулушта тапшырууну уюштуруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Тойгонбаевге жүктөлсүн.
4.Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5.Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т. Өзүбеков