15.03.2023

5, 2023 3 23 04:28:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз                                                                   XXVII сессиясынын 

                                      № 12  Т О К Т О М У

         15.03.2023-жыл                                                          Жаңы-Жол айылы

           Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Арал айылына “Жалал-Абад облусунунТоктогул районунун жанаКара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы» мамлекеттик мекемесинен келген акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

             Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Арал  айылындагы эски суу кампаны, АССАФА коомдук бирикмеси таза суу долбоорунун алкагында жаңы курулган суу кампаларга санитардык эпидемиологиялык талапка ылайык  курулуш материалдарын алып техникалар менен  иш жүргүзүүгө -125 000 сом атайын эсептен  жана 256 465 сом  акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен Арал айылынын муктаждыгына жумшоо үчүн  “Булак-Суу” муниципалдык ишканасына которуп берүү үчүн Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин сунушун, Жаны-Жол айылдык кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу  комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы токтом кылат :

1.Жаңы-Жол айылдык кеңешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын      2022-жылдын 7-мартындагы №  2 чечими эске алынсын.

Раздел аппарат      70 111

Атайын эсеп 4408041253000637

статья 2215                                                        125  000 сом

2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 256 465 сом акча каражаты  Арал айылынын муктаждыгына жумшалсын.

3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.

4.Бул токтом мамлекеттик  тилде гана кабыл алынды.

5.Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

           Төрага                                                                         Т. Өзүбеков