09.03.2023-ж.

6, 2023 3 17 04:53:00

             Жаны-Жол айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын

                              кезексиз     ХXVI сессиясынын

                                      №  11  Т О К Т О М У

09.03. 2023-жыл                                                                   Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча эрежелерин бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын     6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы ” жөнүндөгү Жарлыгын аткарууга алуу максатында, Жаңы-Жол айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин бекитип берүү  боюнча   Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин сунушун, Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Депутаттык  этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана курулуштардын сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү”, “Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссияларынын чечимин угуп жана талкуулап  Жаңы-Жол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз    ХXVI сессиясы

                                         ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Депутаттык  этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана курулуштардын сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү”, “Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссияларынын чечими эске алынсын.

2.Жаңы-Жол айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча  эрежелери бекитилсин.

3. Токтомду аткаруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге  милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Депутаттык  этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана курулуштардын сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү”, “Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

5. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага                                                                           Т.Өзүбеков