20.02.2023-ж.
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХXV сессиясынын
№ 7 Т О К Т О М У
20.02.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Депутаттык этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана курулуштардын сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү” боюнча туруктуу комиссиясынын “Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү” жөнүндөгү кабыл алган 2023-жылдын 13-февралындагы №1-чечимин карап, айылдык кеңештин VIII чакырылышын кезектеги XXV сессиясы күн тартибиндеги маселени талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Депутаттык этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана курулуштардын сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 13-февралындагы №1-чечими эске алынсын.
2.Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн регламенти алымча-кошумчасы менен негизинен бекитилсин.
3.Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .
4.Бул токтом WWW.Janyjol.kg. сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков