20.02.2023-ж.

2, 2023 2 27 05:51:00

Жаңы-Жол  айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын                                 кезектеги   ХXV сессиясынын

                                №  6  Т О К Т О М У

          20.02.2023-жыл                                                          Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Живпром участкасындагы Токтогул жазуунун жанындагы 4 га муниципалдык менчиктеги алма бакка  макулдук берүү   жөнүндө                                                                           Жаңы-Жол айыл аймагынын Комсомол айылынын тургуну   М.Боркеевдин, Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Живпром участкасындагы Токтогул жазуунун жанындагы 4 га муниципалдык менчиктеги алма бактын эскилиги жетип, курт түшүп мөмө бербегендигине байланыштуу кайрадан жаңыртып бак тигүү боюнча арызын карап,  Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айылдык кеңешининин VIII чакырылышынын кезектеги   ХXV сессиясы

                            ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаны-Жол айылдык кеңешинин  “Айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын  2023-жылдын 15-февралындагы № 1 чечими эске алынсын.

2.Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Живпром участкасындагы Токтогул жазуунун жанындагы 4 га муниципалдык менчиктеги алма бактын эскилиги жетип, курт түшүп мөмө бербегендигине байланыштуу кайрадан жаңыртып бак тигүүгө макулдук  берилсин.

3.Кайрадан жаңыртып бак  тигүү боюнча  тийиштүү мекемелер менен биргеликте иш алып баруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол  айылдык кенешинин  “Айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери”боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.

5.Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

6.Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап   күчүнө кирет.

 

         Төрага                                                                                  Т.Өзүбеков