20.02.2023-ж.

2, 2023 2 27 05:50:00

Жаңы-Жол  айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын                                                                            кезектеги       ХXV сессиясынын

                                              №  5  Т О К Т О М У

         20.02.2023-жыл                                                                Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Куйбышев айылынын түндүк тарабындагы Түлкү участкасындагы 0,50 га жерге кичи ГЭС куруу үчүн макулдук  берүү жөнүндө

         ОсОО “Берекет Инвест” ишканасынын  директору  А.Жапаровдун Куйбышев айылынын түндүк тарабындагы Түлкү участкасынан 0,40 га жерге  Чоң-Жапыртмак жайлоосуна чейин 6 км аралыкка  жол салып, суу түтүкчөсүн орнотууга жана  0,50га жер аянтына кичи ГЭС куруу үчүн  кайрылуусун  карап  Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин негизинде айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезектеги   ХXV сессиясы             

                            ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаны-Жол айылдык кеңешинин  “Айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын                 2023-жылдын 15-февралындагы № 1 чечими эске алынсын.

2.ОсОО “Берекет Инвест” ишканасына Куйбышев айылынын түндүк тарабындагы  Түлкү участкасынан 0,40 га жерге Чоң-Жапыртмак жайлоосуна чейин  6 км аралыкка  жол салып, суу түтүкчөсүн орнотуп жана   0,50га жер аянтына кичи ГЭС куруу үчүн макулдук берилсин.

3.Кичи ГЭС куруу үчүн жердин контурларын жана аянтын тактап мыйзам чегинде  документтерди тактап берүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге, жер маселелери боюнча башкы адис А.Молдоказиевге милдеттендирилсин .

4.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол  айылдык кенешинин  “Айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери”боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

5.Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

6.Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап   күчүнө кирет.

 

         Төрага                                                                                  Т.Өзүбеков