20.02.2023-ж.

2, 2023 2 27 05:46:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги                                                                          XXV сессиясынын 

                                                 № 4  Т О К Т О М У                                         20.02.2023-жыл                                                          Жаңы-Жол айылы

Жаны-Жол айылөкмөтүнө караштуу мамлекеттик фонддун жерлерин аукционго коюу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана Жаны-Жол айылдык кенешинин «Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын                             15-февралындагы №1 чечиминин негизинде айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезектеги  XXV сессиясы

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Жол айылдык кенешинин «Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 15-февралындагы № 1 чечими эске алынсын .

2. КБФдун бошогон жер аянттарына аукцион өткөрүү үчүн комиссия түзүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.

3. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фонддун бошогон жерлерине аукцион 2023-жылдын 16-мартында өткөрүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтомунун негизинде, Жаңы-Жол айыл аймагындагы бошогон КБФнын жерлеринин 20%ы жакыр, өтө муктаж үй-бүлөлөргө жана мектеп, бала-бакчаларга түз берилсин.

5. Жаңы-Жол айыл аймагындагы 1га сугат жер аянтына аукциондун старттык баасы 4000 (төрт миң) сом сомдон башталсын жана арымдары 500 (беш жүз) сомдон, кайрак айдоо жер аянттары 2000 (эки миң) сомдон болуп бекитилсин,КБФнун суроо-талап аз болгон  жарым сугат жер аянттарынын ижара акысы 3000 (үч миң) болуп бекитилсин.

6. Суроо талап аз болгон КБФдун кайрак жана жарым сугат жер аянттары түз берилсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы «Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

8. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

9. Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

         Төрага                                                                        Т.Өзүбеков