20.02.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын
№ 1 Т О К Т О М У
20.02.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2022-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу отчеттук маалыматтары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жаны-Жол айылдык кенешинин “Экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу” боюнча комиссиясынын 2023-жылдын 14-февралындагы № 1 чечими эске алынсын.
2. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин, ФЭБнүн башчысы Ч.Култаеванын 2022-жыл ичиндеги бюджеттин жыйналышы жана сарпталышы, айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу отчеттук маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагын өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков