14.12.2022-ж.

2, 2023 1 23 10:15:00

Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз  XXIV сессиясынын

                                             №  42 Т О К Т О М У

14.12.2022-жыл                                                                 Жаңы-Жол айылы

Электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсанцияны жыл сайын төлөттүрүп берүү  жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Президентинин                                                    2022-жылдын        15-августундагы ПЖ №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Жаңы-Жол айыл аймагында шайланган Биринчи Элдик Курултайдын делегаты Раманкулова Элмиранын “Бийик тоолуу жана алыска барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик  колдоонун кошумча чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 206 токтомунун негизиндеги төлөнүүчү электр  энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсацияны системалуу түрдө жыл сайын төлөттүрүп берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол   айылдык кенештин VIII чакырылышынын  кезексиз  XXIV сессиясы   

                                    Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.“Бийик тоолуу жана алыска барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө”                                        Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 206 токтомунун негизиндеги төлөнүүчү электр  энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсацияны системалуу түрдө жыл сайын төлөттүрүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго сунуш кылынсын.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

4.Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.                

   Айылдык кеңештин төрагасы                                       Т. Өзүбеков