14.12.2022
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясынын
№ 41 Т О К Т О М У
14.12.2022-жыл Жаңы-Жол айылы
Токтогул районунун аймагында курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына жайгаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Жаңы-Жол айыл аймагында шайланган Биринчи Элдик Курултайдын делегаты Раманкулова Элмиранын Токтогул районунун аймагында курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына жайгаштыруу боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Токтогул районунун аймагында курула турган ГЭСтердин дирекциясын Токтогул шаарына жайгаштыруу жагы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго сунуш кылынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы Т. Өзүбеков