14.12.2022-ж.

3, 2022 12 20 06:13:00

            Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII                                                   чакырылышынын кезексиз  XXIV сессиясынын

                                                   №  40 Т О К Т О М У

14.12.2022-жыл                                                                  Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясын түзүү жөнүндө

Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын  (АКИА) аткаруу комитетинин жетекчиси Т.Ибраимовдун  маалыматын угуп жана талкуулап, 2005-жылдын 21-февралындагы № 36 “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана                 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып,                 Жаңы-Жол айыл аймагында түзүлгөн Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясын айылдык кеңеште каттоо боюнча Жаңы-Жол   айылдык кенештин VIII чакырылышынын  кезексиз  XXIV сессиясы   

                                           Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясы  (АКИА) айылдык кеңештен каттоодон өткөрүлсүн.

2. Жаңы-Жол айыл аймагында түзүлгөн аткаруу комитетинин уставы                     Жаңы-Жол айыл аймагынын аймагында аткарылсын.

3. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик  реестирине каттоого жөнөтүү айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ж.Момунбековага жүктөлсүн.

4. Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары И.Кундузбаевага милдеттендирилсин.

5. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

6. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.                

         Айылдык кеңештин төрагасы                                 Т. Өзүбеков