23.11.2022-ж.
Жаны-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХXIII сессиясынын
№ 38 Т О К Т О М У
23.11. 2022-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаны-Жол айыл аймагынын Комсомол айылынын Карагоо жолуна маркум Кожомбердиев Бекмураттын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Жаңы-Жол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Жол айылдык кеңешинин "Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча" туруктуу комиссиянын 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 9 чечими эске алынсын.
2. Жаңы-Жол айыл аймагынын Комсомол айылынын Карагоо жолуна маркум Кожомбердиев Бекмураттын ысымы ыйгарылсын.
3. "Кожомбердиев Бекмураттын" атындагы көчөнүн тазалыгына, ирээттүүлүгүнө, архитектуралык талабына жооп берүүсү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана табличкалар менен камсыз кылуу жагы маркумдун үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы Т.Өзүбеков