23.11.2022-ж.

3, 2022 12 20 05:48:00

                   Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII                                                  чакырылышынын кезексиз  XXIII сессиясынын

                                           №  36  Т О К Т О М У

23.11.2022-жыл                                                                 Жаңы-Жол айылы

Тукеналиева Жамалга  “Ардактуу   атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына  айрым мамлекеттик  ыйгарым укуктарды берүүнүн  тартиби жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарын  жетекчиликке алуу  менен, айылдык кенештин VIII чакырылышынын  кезексиз  XXIII сессиясы   

                           Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Жаңы-Жол айылдык кенешинин  “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын  18-ноябрындагы № 8 чечими эске алынсын.   

 2. Тукеналиева Жамалга Жаңы-Жол айыл аймагынын                               социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Жаңы-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”  наамы ыйгарылсын.

3. Ардактуу атуул наамын салтанаттуу чогулушта тапшырууну уюштуруу  жагы  Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Тойгонбаевге жүктөлсүн.

4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.                

        Айылдык кеңештин төрагасы                                 Т. Өзүбеков