12.10.2022-ж.
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХXII сессиясынын
№ 34 Т О К Т О М У
12.10.2022-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар эсебинен жана пландан ашыкча түшкөн акча каражаттары жөнүндө
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине түшкөн кошумча акча каражаттары боюнча ФЭБнүн башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсүнүн негизинде Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Бала-Чычкан айылындагы ФАПтун кошумча курулуш иштерине 153737-сом, Бала-Чычкан айылынын тренажордук залынын кошумча курулуш иштерине-113 608 сом, Комсомол айылынын жаңы конушундагы электр мамычаларын жылдырууга-389500 сом, “Булак-Суу” муниципалдык ишканасына субсидияга-696 000 сом, Кара-Суу айылындагы бала бакчанын жылытуу системасына насос алууга-32700 сом, Кара-Суу айылынын жаңы конушундагы электр мамычаларын жылдырууга-170 000сом, Жаңы-Жол айылындагы бала бакчага кошумча корпусунун СД архитектурасына- 73 900 сом, Кызыл-Туу айылындагы Мүлкүбат мектебиндеги мугалимдер бөлмөсүн оңдоого-55900 сом, Кызыл-Туу айылындагы 1 км асфальт жол оңдоого-1 975 000сом, Бала-Чычкан айылындагы соц.объектинин жерлерин тосууга-470 000сом, Бала-Чычкан айылындагы Иманбаев атындагы орто мектебине электр эсептегич алууга-20 200 сом, Жаңы-Жол айылына трансформатор,зым чубалга,электр мамычаларын алууга-1 500 000 сом, “Келечек”, “Адеми”, “Нурпейилим”, “Балалык” балдар бакчасына видео көзөмөл орнотууга-304 000 сом,Арал айылындагы жолду оңдоого шагыл төктүрүүгө-300 000сом,Кара-Суу айылындагы Орто-Кашат участкасындагы жолго шагыл төктүрүүгө-150 000 сом,Бала-Чычкан айылындагы куурап калган бак-дарактарды кыйып, иретке келтирүү үчүн ГСМге-20 000 сом, материалдык жардамга-70 000сом,акча каражаттарын сессияда карап бекитүү үчүн Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз ХXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын, чечими эске алынсын.
Раздел аппарат 70111 статья 3111 153 737 сом
113 608 сом
389 500 сом
170 000 сом
статья 31113220 1 975 000 сом
470 000 сом
1 500 000 сом
статья 2511 696 000 сом
статья 2215 523 900 сом
Раздел орто мектеп 70921 статья 2222 76 100 сом
Раздел бала бакча 70911 статья 2222 336 700 сом
Раздел соц. камсызд. 71092 статья 2721 70 000 сом
Жалпы 6 474 545 сом
Раздел аппарат 70111 4408041253000637
статья 31113220 1 700 000 сом
статья 22141100 20 000 сом
2.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
3.Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4.Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы Т.Өзүбеков