24.08.2022-ж.

4, 2022 10 19 09:55:00

               Жаңы-Жол   айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын    кезектеги 

                                              ХIX сессиясынын

                                      № 30/1   Т О К Т О М У

24.08.2022-жыл                                                                   Жаңы-Жол айылы

Кыргыз Республикасынын Президентинин                                                       Иш башкармасына   жер аянтын бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун мамлекеттик  жана муниципалдык кызматкерлерге  турак жай куруу  тапшырмасын уюштуруу боюнча  Кыргыз Республикасынын  Министирлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси А.У.Жапаровдун 2022-жылдын 24-июнундагы №18/25496 сандуу тапшырмасын аткарууга алуу максатында,   Токтогул райондук мамлекеттик  администрациясынын 2022-жылдын 9-августундагы №01-34-1407 сандуу катынын, Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсүнүн негизинде Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин    VIII чакырылышынын кезектеги   XIХ сессиясы

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаны-Жол айылдык кеңешинин “Айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.

2.Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги     Бала-Чычкан айылында жайгашкан 8000 м2 жер аянты мамлекеттик  жана муниципалдык кызматкерлерге  турак үйлөрдү куруу үчүн Кыргыз Республикасынын  Президентинин Иш башкармасына мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.

3.Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте  иш алып баруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин .

4.Бул токтомго көзөмөл жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешининАйыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

5.Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

6.Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

          Айылдык  кеңештин төрагасы                                     Т.Өзүбеков