27.09.2022
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХXI сессиясынын
№ 33 Т О К Т О М У
27.09.2022-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаны-Жол айылөкмөтүнүн атайын каражат эсебине“Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы» мамлекеттик мекемесинен келген акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсебине“Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы» мамлекеттик мекемесининБайкоочу Кеңеши тарабынан колдоого алынып которулган акча каражатын сессияда карап бекитүү үчүн Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин, ФЭБнүн башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсүнүн негизинде Кызыл-Туу айылындагы жолдорду асфальтоого үлүштүк дем берүүчү грант (стим грант) аркылуу өткөн долбоордун өздүк салымы 2 746 000 сом, акча каражаттарын сессияда карап бекитүү үчүн Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз ХXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын, чечими эске алынсын.
Раздел аппарат 70111 статья 31113220 2 746 000 сом
4408041253000637
2.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
3.Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4.Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы Т.Өзүбеков