24.08.2022-ж.
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХIX сессиясынын
№ 30 Т О К Т О М У
24.08.2022-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн 2022-жылы жергиликтүү бюджетине каралган пландан ашыкча түшкөн акча каражаттары жөнүндө
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2022-жылдынжергиликтүү бюджетине түшкөн кошумчаакча каражаттары боюнча ФЭБнүн башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсүнүн негизинде Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин кышкы даярдыгына 253 000 сом, бала бакчаларга 200 000сом, топосъемкага 247 000 сом, Жаңы-Жол айылындагыФАПтунун жылуулук системасын курууга 200 000 сом, Мүлкүбат мектебинин мугалимдер бөлмөсүнремонт жасагоо 104 000 сом, Кызыл-Туу айылынын жалпы асфальт жолуна 56 500 сом, Кызыл-Туу айылындагы “Балалык” балдар бакчасынын чатырын алмаштырууга-25000, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине компьютер жабдыктарын алууга -130 000 сом,аскер комиссариатына -120 000, аскер комиссариаты боюнча боюнча окууга (изучение)- 9000 сом, алма бак сууга-5200 сом, мектеп, бала бакчаларга көмүр алууга-62 400, 31-август эгемендүүлүк күнүнө карата айылдар аралык “Көк-Бөрү” оюнун уюштурууга -40 000, Булак-Суу муниципалдык ишканасынын объектилерине-20 000 сом, Комсомол айылынын тургунуна материалдык жардам үчүн 10 000 сом акча каражаттарын сессияда карап бекитүү үчүн Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезектеги ХIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын, чечими эске алынсын.
Раздел орто мектеп 70921 статья 2222 253 000 сом;
Раздел бала бакча 70911 статья 2222; 200 000 сом ;
Раздел аппарат 70111 статья 2215 247 000 сом ;
статья 2222 200 000 сом ;
Раздел орто мектеп 70921 статья 2221 104 000 сом ;
Раздел аппарат 70111 статья 2215 56500 сом ;
Раздел бала бакча 70911 статья 2222 25000сом ;
Раздел аппарат 70111 статья 3112 130 000 сом ;
статья 3111 120 000сом;
Раздел аппарат 70111 статья 2231 5200 сом ;
Раздел орто мектеп 70921 статья 2224 51600 сом ;
Раздел бала бакча 70911 статья 2224 10800 сом ;
Раздел аппарат 70111 статья 2511 20 000 сом ;
Раздел соц.кам. 71092 статья 2721 59 000 сом.
2.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы Т.Өзүбеков