30.06.2022

3, 2022 12 20 17:27:00

               Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

                               кезексиз   XVIII сессиясынын

                                               №  29   Т О К Т О М У

30.06.2022-жыл                                                                Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Комсомол айылындагы Көгүчкөн участкасындагы  жайыт жердин багытын өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын     31-январындагы “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук деп жарыялоо” жөнүндөгү № 17 Жарлыгын аткарууга алуу максатында, Комсомол айылынын тургуну Б.Кенжекуловдун арызынын,  Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Комсомол айылындагы  Көгүчкөн участкасындагы  жайыт жердин багытын өзгөртүү жөнүндөгү Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин  жайыт комитетинин төрагасы М.Турдалиевдин жана   Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсүнүн негизинде Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин    VIII чакырылышынын кезексиз  XVIII сессиясы

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаны-Жол айылдык кеңешинин “Айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.

2.Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Комсомол айылынын Көгүчкөн участкасындагы  Б.Кенжекуловго тиешелүү  5 га  жайыт жердин багытын бак тигүү үчүн өзгөртүүгө макулдук берилсин.

3.Бул токтомго көзөмөл жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешининАйыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4.Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

5. Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

   Айылдык  кеңештин төрагасы                                                      Т.Өзүбеков