30.06.2022

6, 2022 8 12 09:29:00

Жаңы-Жол  айылдык кеңешинин  XIII– чакырылышынын      кезексиз      ХVIII сессиясынын

                                               №  28  Т О К Т О М У

30.06.2022-жыл                                                                Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кара-Суу көлүнөн түшкөнсуунун жээгинен 3/13 13 км жерди чакан ГЭС куруу үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

        Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин сунушун, “Сапат Электро КТ” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору  А.М.Сыдыковдун Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кара-Суу көлүнөн түшкөн  суунун жээгинен 3/13 13 км жерди  ГЭС куруу үчүн трансформациялоого жер чечип берүү боюнча  кайрылуусун карап, Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин негизинде айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз   ХVII сессиясы

                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаны-Жол айылдык кеңешинин  “Айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.

2.“Сапат Электро КТ” жоопкерчилиги чектелген коомуна Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кара-Суу көлүнөн түшкөн  суунун жээгинен 3/13  13 км жерди чакан  ГЭС куруу үчүн трансформациялоого  макулдук берилсин.

3.ГЭС куруу үчүн трансформацияга берилген жердин контурларын жана аянтын тактап мыйзам чегинде  документтерди тактап берүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге, жер боюнча башкы адис А.Молдоказиевге милдеттендирилсин .

4.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол  айылдык кенешинин  айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.

5.Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

6.Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап   күчүнө кирет.

         Айылдык кеңештин төрагасы                                      Т.Өзүбеков