20.06.2022

6, 2022 8 12 09:25:00

Айылдык кеңештин VIII  чакырылышынын  кезексиз  XVII сессиясынын

                                             № 26   Т О К Т О М У

20.06.2022-жыл                                                                Жаңы-Жол айылы

 

              Жаны-Жол айылаймагынын Комсомол айылынын тургуну                           К.Давлеталиеванын арызын кароо жөнүндө

Жаны-Жол айыл  аймагынын Комсомол айылынын тургуну К.Давлеталиеванын көп жылдан бери мамлекеттик фондунун жеринен иштетип жаткан 0,3 га жери боюнча жазган арызын кароо жөнүндө Жаны-Жол айылдык Кенешинин «Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” жана “Депутаттык этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук коомдук тартипти сактоо” боюнча туруктуу комиссияларынын биргелешкен чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII  чакырылышынын  кезексиз  XVII сессиясы

                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жаны-Жол айылдык кенешинин “Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” жана “Депутаттык этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук коомдук тартипти сактоо» боюнча туруктуу комиссияларынын биргелешкен чечими эске алынсын.

Жаны-Жол айыл  аймагынын Комсомол айылынын тургуну К.Давлеталиеванын жер боюнча жазган арызындагы маселени  Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте  карап, чечип берүү  маселеси  Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге жүктөлсүн.

Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кенешинин «Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

           Айылдык  кеңештин төрагасы                                             Т.Өзүбеков