17.05.2022

2, 2022 6 06 09:02:00

                      Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII –чакырылышынын

                               кезексиз   XV сессиясынын

                                          №  24   Т О К Т О М У

17.05.2022-жыл                                                                Жаңы-Жол айылы

“Булак-Суу” муниципалдык ишканасынын элге кызмат көрсөтүүдөгү тарифин бекитип берүү  жөнүндө 

Булак-Суу” муниципалдык ишканасынын  директору Д.Өмүржановдун               Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсүнүн негизинде Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “ Экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу” боюнча комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII  чакырылышынын кезексиз  XV сессиясы

                                          ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жаны-Жол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.

“Булак-Суу” муниципалдык ишканасынын калкка кызмат көрсөтүүдөгү тарифи 2022-жылга  1 куб сууга 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө болуп бекитилсин.

“Булак-Суу” муниципалдык ишканасынын кызмат орундарынын штаттык бирдиги  ( 7штаттык бирдик  ) бекитилсин.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын комиссиясына жүктөлсүн.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

   Айылдык  кеңештин төрагасы                                    Т.Өзүбеков