17.05.2022

2, 2022 6 06 09:00:00

                  Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII –чакырылышынын

                                кезексиз   XV сессиясынын

                                 №  23  Т О К Т О М У

17.05.2022-жыл                                                                Жаңы-Жол айылы

“Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин техникаларынын  кызматтарынын төлөө акысын бекитип берүү жөнүндө 

            Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин техникаларынын  кызматтарынын төлөө акысын бекитип берүү жөнүндөгү жайыт комитетинин төрагасы М.Турдалиевдин жана   Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсүнүн негизинде Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жаны-Жол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.

Техникаларынын  кызматтарынын төлөө акысы айыл өкмөтүнө  караштуу болгон айылдардын жумушу үчүн күйүүчү май куюлгандан кийин 1 кунгө        (8 саат)  2500 (эки миң беш жүз) сом ал эми башка жеке иштер үчүн 1 кунгө  (8 саат)   10 000 (он мин) сом болуп бекитилсин.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын комиссиясына жүктөлсүн.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

   Айылдык  кеңештин төрагасы                                    Т.Өзүбеков