17.05.2022

2, 2022 6 06 07:57:00

                Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII –чакырылышынын

                                          кезексиз   XV сессиясынын

                                                №  22 Т О К Т О М У

17.05.2022-жыл                                                                Жаңы-Жол айылы

“Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин малдарга болгон жайыт акысын  бекитип берүү жөнүндө 

            Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин малдарга болгон жайыт  акысын бекитип берүү жөнүндөгү жайыт комитетинин төрагасы М.Турдалиевдин жана   Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсүнүн негизинде Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жаны-Жол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.

Бир шарттуу малдарга  1 баш жылкыга, 1 баш уйга  80(сексен) сом,  1 баш кой эчкиге 16 (он алты) сом  болуп бекитилсин.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын комиссиясына жүктөлсүн.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

   Айылдык  кеңештин төрагасы                                    Т.Өзүбеков