26.04.2022

2, 2022 6 06 07:56:00

                   Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII – чакырылышынын                                        кезексиз    XIV сессиясынын

                                            №  21  Т О К Т О М У

26.04.2022-жыл                                                                Жаңы-Жол айылы

 

“Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлерди өнөр жай жана башка категориядагы жерлер багытына трансформациялоого (которуу) уруксат берүү   жөнүндө”

              Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлерди өнөр жай жана башка категориядагы жерлер багытына трансформациялоо жөнүндөгү   Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсүнүн негизинде Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жаны-Жол айылдык кеңешинин “Айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 25-апрелиндеги № 1-чечими эске алынсын.

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Кайрак участогунан № 281, 282, 224, 185, Капка таш участогунан № 329, 318, 276, Көдүл участогунан № 3539, 3542, 3541,Чочко сарай участогунан №219, 4546, Арал айылынан № 2506, 2518, Бала-Чычкан айылынан №6314, 2688, Кара-Суу айылынан № 5595, 5603 контурларында жайгашкан жалпы аянты 13,17 га жайыт жерлерди өнөр жай жана башка категориядагы жерлер багытына трансформациялоого макулдук берилсин.

Трансформацияга сунуштоо, керектүү документтерди даярдоо жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

   Айылдык  кеңештин төрагасы                                    Т.Өзүбеков