26.04.2022

2, 2022 6 06 09:54:00

                      Жаны-Жол айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын

                                    кезексиз     ХIV сессиясынын

                                    №  20 Т О К Т О М У

26.04. 2022-жыл                                                                   Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштарда   үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын  тартипке келтирүү жөнүндө Типтүү Жобону бекитүү тууралуу

Жаңы-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштарда   үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын  тартипке келтирүү жөнүндө Типтүү Жобону бекитүү боюнча  Жаңы-Жол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз    ХIV сессиясы

                                           ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин "Билим  берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча" жана “Депутаттык  этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана курулуштардын сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү боюнча туруктуу комиссиянын 2022-жылдын 20-апрелиндеги              №  8 чечими эске алынсын.

Жаңы-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштарда үй-бүлөөлүк

салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын  тартипке келтирүү боюнча  Типтүү Жобо бекитилсин.

Токтомду  аткаруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге  милдеттендирилсин.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин "Билим  берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча" жана “Депутаттык  этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук,

коомдук тартипти сактоо жана курулуштардын сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

         Айылдык  кеңештин төрагасы                                            Т.Өзүбеков