26.04.2022-ж.
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясынын
№ 19 Т О К Т О М У
26.04.2022-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине каралган пландан ашыкча түшкөн жана Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүнүн атайын каражат эсебине түшкөн кошумча акча каражаттары жөнүндө
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 31-мартына карата жергиликтүү бюджетке түшкөн кошумча акча каражаттары боюнча Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсүнүн негизинде Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө Кант шаарынан арпа үрөөн ташып келип, дыйкандарга жеткирүүгө 56012 сом, ВОЛС линиясын тартууга, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн кеңсесине30254 сом, Жаңы-Жол айылындагы ФАПка 30800 сом, Кызыл-Туу айылындагы “Балалык” балдар бакчасына 26672сом, 2022-жылга мезгилдүү басылмаларга жылдык жазылуу жүргүзүүгө 30924 сом, Бала-Чычкан айылындагы “Нурпейилим” балдар бакчасынын электро эсептегичиналмаштырууга 6000 сом, муздаткычтын моторун оңдоого 7000 сом, Комсомол айылындагы “Адеми” балдар бакчасына электро плитка жана чаң соргуч сатып алууга алууга 26500 сом, Мүлкүбат атындагы орто мектебинин айланасына тигелген көчөттөрүн сугарууга, түнкү кайтарууга керектүү каражаттарын сатып алууга 28000 сом, Кара-Суу айылындагы Казатов орто мектебине чарба товарларын сатып алууга23900 сом акча каражаттарын сессияда карап бекитүү үчүн Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын, чечими эске алынсын.
Раздел аппарат 70111 статья 22141100 56012 сом ;
статья 22154300 87726 сом ;
статья 2212 30924 сом ;
Раздел бала бакча 70911 статья 22211100 7000 сом ;
статья 22221100 6000 сом ;
статья 3112 26500 сом ;
Раздел орто
мектеп 70921 статья 2222 28000 сом;
23900 сом .
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүнүн атайын каражат эсебине түшкөн 100 000 сом акча каражаты Бала-Чычкан айылындагы Төш-Арык каналына цемент шакекчесин (кольцо бетон) койдурууга 17000 сом, Арал айылындагы Кара-Жыгач каналын каздырып, тазалатууга 35000 сом, Кара-Тектир айылынын ички арыктарына труба койдурууга 31000 сом, Жаңы-Жол айылына жаңы конушка арыкка цемент шакекчесин( кольцо бетон) койдурууга 17000 сом, төмөндөгүдөй статьяларга бөлүнүп берилсин.
Раздел аппарат 701110 4408041253000637
статья 2215 65000 сом ;
статья 2214 35000 сом .
Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы Т.Өзүбеков