15.03.2022ж.

2, 2022 6 06 07:50:00

                         Жаны-Жол айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын                                      кезексиз  ХIII сессиясынын

                                           №  18  Т О К Т О М У

15.03. 2022-жыл                                                                Жаңы-Жол айылы

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик  ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Жаңы-Жол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз      ХII Iсессиясы

                                           ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин "Билим  берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча" туруктуу комиссиянын 2022-жылдын 11-мартындагы    № 7  чечими эске алынсын.

Жаңы-Жол айыл аймагынын   айылынын Кара-Тектир  айылынын үстүнкү Манас участкасынын күн чыгыш тарабындагы ысымы жок биринчи көчөгө     Кенжекулов Айтбектин  ысымы  ыйгарылсын. 

"Кенжекулов Айтбек" атындагы көчөнүн  тазалыгына, ирээттүүлүгүнө, архитектуралык талабына жооп берүүсү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана табличкалар менен камсыз кылуу жагы Кенжекулов Айтбектин    үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

          Айылдык  кеңештин төрагасы                                           Т.Өзүбеков