15.03.2022ж.
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясынын
№ 17 Т О К Т О М У
15.03.2022-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу отчеттук маалыматтары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын, чечими эске алынсын.
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жыл ичиндеги бюджеттин жыйналышы жана сарпталышы тууралуу отчеттук маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагын өзүмө калтырамын.
Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы Т.Өзүбеков