15.03.2022ж.

2, 2022 6 06 09:44:00

                         Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын                                             кезексиз      XIII сессиясынын 

                                                 № 16 Т О К Т О М У

15.03.2022-жыл                                                                    Жаңы-Жол айылы

 

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы “Деко” муниципалдык ишканасынын  2021-жыл  ичинде  аткарган иштери тууралуу отчеттук маалыматтары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына  айрым мамлекеттик  ыйгарым укуктарды берүүнүн  тартиби жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарын  жетекчиликке алуу  менен, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын  кезексиз   XIII сессиясы

Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын, чечими эске алынсын.

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы “Деко” муниципалдык ишканасынын директору А.Мекишовдун  2021-жыл ичиндеги бюджеттин жыйналышы жана сарпталышы тууралуу отчеттук маалыматы канааттандырарлык    деп табылсын.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагын өзүмө калтырамын.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Janyjol.com  сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

            

    

Айылдык кеңештин төрагасы                                                          Т.Өзүбеков