15.03.2022ж.

2, 2022 6 06 09:42:00

                    Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII –чакырылышынын

                                кезексиз   XIII сессиясынын

                                            №  15  Т О К Т О М У

15.03.2022-жыл                                                                Жаңы-Жол айылы

 

“Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы “Деко” муниципалдык ишканасынын жана  жайыт пайдалануучулар бирикмесинин                        2022-жылга иш планын бекитүүгө макулдук  берүү жөнүндө 

            “Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы “Деко” муниципалдык ишканасынын директору А.Мекишовдун, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин  жайыт комитетинин төрагасы М.Турдалиевдин  билдирүүсүнүн негизинде   Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

                                           ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жаны-Жол айылдык кеңешинин “Экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу” боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.

“Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы “Деко” муниципалдык ишканасынын жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин       2022-жылга иш планын бекитүүгө макулдук берилсин.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын комиссиясына жүктөлсүн.

Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө

кирет.

     Айылдык  кеңештин төрагасы                                       Т.Өзүбеков